Ырчы Дилбар Райымбекова Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук Филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. Дилбар Райымбекова алгач обончу жана аткаруучу Майрамбек Осмоновдун "Сен болсоң", Х.Азиреткуловдун "Дил кайрык" аттуу ырлары менен чоң сахнага аттанган.