12- Июнь 1886 -жылы
Падышалык бийлик "Түркстан чөлкөмүн башкаруу туурасындагы" жобо кабыл алган
Падышалык бийлик "Түркстан чөлкөмүн башкаруу туурасындагы" жобо кабыл алган. Падышалык бийлик тарабынан Түркстан чөлкөмү – Сырдарыя, Фергана, Самарканд облустарына бөлүнгөн. Облустар өз кезегинде уезд, шаардык, айылдык бийликтерге ажырап, алардын ар биринде сот бийлиги иштей баштаган. Мындан тышкары "Түркстан чөлкөмүн башкаруу туурасындагы" жободо ар бир бийлик баскычынын укук жана бийлик ыйгарымы белгиленген.