12- Июнь 2011 -жылы Кыргыз Эл артисти, дирижёр жана композитор Насыр Давлесов каза болгон
Кыргыз Эл артисти, дирижёр жана композитор Насыр Давлесов 83 жашка караган курагында узак оорудан улам кечки саат ондон өтүп калганда көз жумган. Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси, профессор, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Насыр Давлесовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июнда Бишкектеги Опера жана балет театрында өтүп, маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
Насыр Давлесов 1929-жылы Кемин районунун Кара-Булак айылында туулган. Москва консерваториясынын опера-симфониялык дирижёрдук адистиги боюнча профессор А.П.Чугуновдун классынан бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин дирижёру, Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын дирижёру, Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун директору болуп иштеген. "Евгений Онегин", "Олжобай менен Кишимжан" операларын, "Спартак" балетин койгон. Солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн кантаталар, эл аспаптар үчүн сюиталар, музыкалык комедиялар оркестр үчүн марштар, күүлөр, сүйүү жана патриоттук-музыкалык темадагы ырлар, романстар, хорлор, аспаптык пьесалар, балдар үчүн ырлар, кино жана циркке музыка жазган. Насыр Давлесов Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери. Ал "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан