Бразилиялык супермодель Адриана Лима Бразилиянын Салвадор шаарында туулган. 15 жашында Бразилиядагы моделдердин сынагында жеңүүчү болгон. Тукумунда индиялыктардын, швейцариялыктардын жана африкалыктардын каны бар. Португал, испан, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. 1998-жылы “Elite” агенттиги менен келишим түзүп, Нью-Йоркко көчүп келген. Ал эми 2010-жылы америкалык “Форбс” журналы Адриана Лиманы ошол жылдын эң көп акча төлөнгөн модели деп тапкан.