12- Июнь 1978 -жылы Актёр Азиз Мурадиллаев туулган
Актёр Азиз Мурадиллаев Бишкек шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Москвадагы Щепкин атындагы училищеге тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Азиз Мурадиллаев "Манастын уулу Семетей", "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты", "Играем Андерсона", жалпысынан 40тан ашуун спектаклдерде ойноп, "Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка" ж.б. тасмаларда роль жараткан.
Азиз Мурадиллаев "Курманжан датка" тасмасындагы Алымбек датканын образын жараткандыгы үчүн "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2014-жылдын супер актёру" деп табылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан