13- Июнь 1926 -жылы
Кыргызстан Борбордук музейин ачуу иштери башталган
Кыргызстан Борбордук музейин ачуу иштери башталып, ал үчүн атайын илимий комиссия уюшулган. Илим комиссиясынын демилгеси менен Ленинград шаарынан жаш окумуштуу С.М.Абрамзон чакырылып, натыйжасында музейди уюштуруу иши жанданган. Кыргыз облустук агартуу бөлүмүнүн өткөрүлгөн кезектеги коллегиясында "Кыргызстандагы Борбордук музейдин Жобосу" каралган. Жаңы долбоорго ылайык музей жетекчилигине Брауде бекитилген.