Орусиялык актриса Анна Снаткина Москва шаарында төрөлгөн. Ата-энеси жөнөкөй авиакуруучулардан болушкандыктан Анна бала чагында бир топ кыйынчылыктарды көрүп чоңойгон. Кыйналып жашагандарына карабастан атасы Аннаны 4 жашынан баштап спорттун алгач гимнастика бөлүмүнө, кийинчерээк аэробика бөлүмүнө машыгууга берген. Ошентип, Анна Снаткина балалыгынын 13 жылын спортко арнаган. Ал эми кино багытына өткөндөн кийин спорт Аннанын жашоосунда жөн гана хобби катары кала берген.
Атактуу актриса болуу жөнүндө Анна Снаткина 2-классында Уитни Хьюстондун катышуусундагы ”Телохранитель” аттуу фильмди көргөндөн кийин эле кыялдана баштаган. 8-классты аяктагандан кийин кыялын чындыкка айландыруу максатында театр багытына кадам таштайт. Дене тарбия окуу жайына тапшырат деп ишенген ата-энеси кызынын бул жоругуна алгач таптакыр каршы болушкан. Анткени, ошол учурда эле Анна мектеп окуучусу болгонуна карабастан кичинекей балдарга аэробикадан машыктыруучу болуп да эмгектенген. Театрга жана киного болгон кызыгуусу артып, алгач искусстводон курстарга катышып жүргөн болсо, кийинчерээк кинематография институтунан билим алган.
Мындай атак-даңкка жеткенге чейин студент кезинде дагы бир топ кыйынчылыктарды көргөн.
Экинчи курстун аягында болсо Анна Снаткинага “Московская сага” сериалындагы Е.Градованын ролун аткаруу сунушу түшкөн. Мындан көп узабай эле 2003-жылы Нина Стасованын ролу менен “Участок” сериалына тартылган. Ушундай жол менен кинодогу тушоосу кесилип, 2005-жылы “Обреченная стать звездой” телесериалында Женя Азарина болуп, популярдуулуктун чокусун багындырган. Андан тышкары, “Вызов” (Катя), “Аэропорт” (Маша Снегирева), “Боец” (Виктория Варшавская), “Я не вернусь” (Катя, Маша эгиз кыздар) кинолорунда баш каармандардын ролун жараткан. Ал эми Анна Снаткинаны көпчүлүк “Татьянин день” сериалынан кийин жакшы таанып калган.