7- Апрель 2014 -жылы
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиев каза болгон
Бүт өмүрүн театрга арнаган залкар
талант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиев 81 жаш курагында дүйнө салган. Акыркы жылдары Бакирдин Алиевдин ден соолугу начарлап, эки
көзү көрбөй, үйүнөн өз алдынча чыга албай калган. Бакирдин Алиев кыргыз кереметтери болгон "Уркуя", "Мен - Тянь-Шань", "Караш-караш окуясы", "Эски тегирмен" тасмаларына, "Чиркин өмүр" телесериалына тартылып, ошондой эле театрда жүздөн ашуун роль жараткан.