6- Апрель 2014 -жылы
"Формула-1" боюнча Бахрейндин башкы сыйлыгын “Мерседестин” өкүлү Льюис Хэмилтон жеңип алган
Бахрейндеги “Сахир” деген аталыштагы автодромдо автожарыштардын "Формула-1" сериясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү жарышы орун алып, анда “Мерседестин” өкүлү, британиялык Льюис Хэмилтон жеңүүчү аталган. Экинчи болуп мара сызыгын германиялык Нико Росберг (“Мерседес”) кесип өтсө, 3-орунду мексикалык Серхио Перес (“Форс Индия”) камсыздаган.