Чилинин Вальпараисо шаарында катталган өрттөн 16 киши каза таап, 500дөй турак жай толугу менен күйүп кеткен. Өрт бир нече сааттын ичинде бир канча кварталды жалмаган. Бул аралыкта 10 миңдей тургун башка жерлерге көчүрүлгөн. Каза тапкандардын көпчүлүгү тез арада өз үйүн таштап чыгып кете албаган кары-картаңдар болгон. Дарыгерлерге 500дөн ашык адам ар кандай жаракаттар менен кайрылган. Өрттү өчүрүүгө 20 учак, тик учак жана 3 миң 500 полиция, аскер, өрт өчүрүү кызматкерлери тартылган. Бул өрт кырсыгы жогорку чыңалуудагы электр линиясынын тийишүүсүнөн чыккан жана ага канаттуулар себепкер болгон.