16- Апрель 2014 -жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарынан багыт алган чоң кеме сууга чөгүп кеткен
Эртең менен саат 09:00 чамасында Түштүк Кореянын Инчхон шаарынан багыт алган чоң кеме сууга чөгүп кеткендиги белгилүү болгон. Анда 475 адам болгон. Алардын 325и саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү мугалимдер, 111и жүргүнчүлөр, 25и экипаждын кызматкерлери. Кырсыкта 300гө чукул адам каза болуп, 30дай адам дайынсыз жоголгон. 18-апрелде окуучуларды кемеде коштоп жүргөн мектептин директорунун орун басары Кан Мин Гю бул окуяга өзүн күнөөлүү сезип, спортзалда асынып алган. Ал эми 19-апрель күнү кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз  милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынган. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан