14- Июнь 2008 -жылы
Кыргыз калкынын улуттук сыймыгы, алп жазуучу Чыңгыз Айтматов жерге берилген
Кыргыз калкынын улуттук сыймыгы, алп жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жерге берилген. Жазуучу менен коштошууга миңдеген кишилер келип, Чыңгыз Айтматовдун чеберчилигине акыркы ирет таазим кылышкан. Атактуу жазуучунун керээзине ылайык, Чыңгыз Төрөкуловичтин сөөгү "Ата бейит" мемориалдык-музей комплексине коюлган.