16- Июнь 1937 -жылы
Кыргызстан Коммунисттик партиясынын I съезди ишин соңуна чыгарган
Кыргызстан (большевиктер) Коммунисттик партиясынын I съезди ишин соңуна чыгарган. Съездде өлкөнүн индустриалдык курулушу, агрардык секторду жандандыруу маселелери каралган. Мындан тышкары Кыробкомдун биринчи катчысы М.К.Аммосовдун демилгеси менен партиялык жана жетекчилик кызматка кыргыздарды алуу жана алардын сапаттык даярдыгын арттыруу туурасында чечим кабыл алынган.