16- Июнь 1942 -жылы
Согуштун айынан Кыргыз мамлекетине көчүрүлгөн СССР Илимдер академиясынын Биология бөлүмү Фрунзе шаарында ишин баштаган
Согуштун айынан Кыргыз мамлекетине көчүрүлгөн СССР Илимдер академиясынын Биология бөлүмү Фрунзе шаарында ишин баштаган. Илимпоздор өлкөнүн коргоо милдети үчүн маанилүү эсептелинген палеонтология, генетика, микробиология, биохимия багытында изилдөөлөрдү жүргүзүүгө киришкен жана ал саамалыктын натыйжасында Кыргыз мамлекетинде биология илиминин түптөлүшүнө негиз салынган.