16- Июнь 1874 -жылы
Кембриж университетине караштуу Кавендиш физикалык лабораториясы ачылган
Кембриж университетине караштуу Кавендиш физикалык лабораториясы ачылган. Лаборатория эксперименталдык физика, биология жана башка фундаменталдык илимдери боюнча дүйнөлүк борбор эсептелинет. Убагында лаборотоияны Ж.Максвелл, Рэлей, Ж.Томсон, Э.Резефорд, У.Брэгг сыяктуу дүйнөгө таанылган илим адамдары жетектешкен. Лабораторияда электрон (1897-жылы), атом ядросун жасалма жол менен бөлүү (1919-жылы), нейтрон (1932-жылы), ДНК структурасынын модели (1953-жылы) ачылып, Вильсондун камерасы (1912-жылы), масс-спектрограф (1913-жылы), линиялык ылдамдаткыч (1932-жылы) жасалган.