Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Бото көз" чыгармасынын негизинде тартылган "Аптап" көркөм фильминин бет ачары өткөрүлгөн. "Аптап" көркөм фильмин режиссёр Лариса Шепитько тартып, чыгарманын бет ачары "Октябрь" жана "Ысык-Көл" кинотеатрларында көрсөтүлгөн. Кийин "Аптап" көркөм фильми Орто Азия жана Казакстан кинематографисттеринин жарышында жеңүүчүсү деп таанылган. Ошондой эле "Аптап" көркөм фильми 1960-жылдардагы кыргыз кино кереметинин катарынан татыктуу орун алган.