17- Июнь 2004 -жылы
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны соңуна чыккан
Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны соңуна чыккан. Шанхай кызматташтык уюмунун бул жолку жолугушуусунда Ташкентте жайгашкан аймактык антитеррордук структурасынын башкы кеңсеси ачылган. Кыргыздын президенти Аскар Акаев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөргөн. Сүйлөшүүдө Кытай-Кыргыз өлкөсү-Өзбекстан ортосундагы темир жолду куруу жана Эркечтам-Сарыташ-Ош автожолун оңдоо сыяктуу маселелер козголгон.