18- Июнь 2013 -жылы Экс-президент Алмазбек Атамбаев Анкара шаарына иш сапары менен жөнөп кеткен
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Түркия мамлекет башчысынын чакыруусу боюнча Анкара шаарына иш сапары менен жөнөп кеткен. Өлкө башчысы аскер медициналык "Гүлхане" академиясында медициналык кароодон өтөрү да белгилүү болгон. 
18-июнда кыргыз президенти түрк мамлекет башчысы Абдуллах Гүл менен, эртеси өкмөт башчы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушкан. Анда эки өлкөнүн ортосунда буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар менен Кыргыз мамлекетине чет элдик инвестицияларды түз тартуу маселелери талкууланган.
Алмазбек Атамбаев 22-июнда Бишкекке кайтып келген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан