22- Июнь 1941 -жылы Акын Турар Кожомбердиев туулган
Акын Турар Кожомбердиев Жайыл районунун, Сары-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер болуу менен баштаган. Кийин "Кыргызстан" басмасында, Кыргыз ССР маданият министрлигинин аппаратында иштеген. 1959-жылдан баштап ырлары мезгилдүү басма сөз беттерине басыла баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен басмадан чыккан. Кыргыз тилинде 20га жакын, орус жана башка тилдерде 5 жыйнагы басмадан жарык көргөн. Н.Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" деген повестин жана В.Незвалдын ырларын кыргыз тилине которгон. "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" ырлар жыйнактары үчүн республиканын Ленин комсомол сыйлыгын алган. Көптөгөн ырларына обондор чыгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан