7- Февраль 2006 -жылы Рысбек Акматбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталган
Балыкчы округунун шайлоо комиссиясы кримавторитет катары таанылган Рысбек Акматбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттаган.
Рысбек Акматбаевдин талапкерлиги туурасында карама-каршы көп кырдуу пикирлер айтылган.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акматбаевдин маселеси атайын жыйналышта биринчи жолу 30-мартта каралып, сунушталган документтердин жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамдардын негизинде БШК өз чечимин чыгарган. Жыйынга Балыкчы шайлоо комиссиясынын төрагасы, Рысбек Акматбаевдин өкүлү катышып, чогуу талкуулагандан кийин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Рысбек Акматбаевди талапкер катары каттоо жөнүндөгү Балыкчы округдук шайлоо комиссиясынын 2006-жылдын 7-февралдагы чечимин жокко чыгаруу боюнча" токтом кабыл алган. Буга БШКнын 10 мүчөсү добуш берип, бирөө калыс болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан