реклама

13-июнь, 1940-жылы Югославиялык актёр, режиссёр жана каскадёр Гойко Митич туулган

Дүйнө
Чингачкуктун образын мыкты аткарган югославиялык актёр, режиссёр жана каскадёр Гойко Митич Югославиянын Лесковац кыштагында туулган. Белграддагы дене тарбия академиясын бүтүргөн.
1960-жылдары “Дефа” аттуу немис студиясы индейлер тууралуу кино тартууну баштайт. Бул тема буга чейин ачыла элек болгондуктан өзгөчө кызыгуу жаратып, ошол кездерде индеомания дүйнөнү каптап турган. Анда югославиялык Гойко студент болгон. Югославияда индейлер тууралуу тасмага дублёр керек экенин уккан студенттер аз да болсо акча таап алуу үчүн кино тартуучу топко келишет. Гойконун ат үстүндөгү трюктары киночуларды таң калтырат. Алар бул жигит кыйын каскадёр гана эмес, жүзү экранга төп келгендей сулуу экенин да байкашат. Америкалык режиссёр Конуэл Уайльд бул учурда Югославияда “Ланселоттун кылычы” аттуу фильм тартууну көздөп жүргөн. Өзү башкы ролду аткарып, Митичти дублёр кылат. Бул чоң ишенимдин белгиси болгон.
1964-жылы режиссёр Йозеф Махаттунун чакыруусу менен Гойко “Чоң аюунун балдары” аттуу индейлер тууралуу тасмада башкы ролду ойногон. Андан соң “Чингачкук – чоң жылан”, “Ак карышкыр” тасмалары тартылат. Өткөн кылымдын 1960-жылдарынан 1970-жылдарына чейинки 10 жылдыктын ичинде индеомания өкүм сүрүп, Гойко Митич катары менен 15 фильмге тартылган.
  (78 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8971;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: