24- Апрель 2014 -жылы
Коомдук ишмер жана саясат таануучу Ишенбай Абдуразаков каза болгон
Коомдук ишмер жана саясат таануучу Ишенбай Абдуразаков 77 жаш курагында каза болгон.
Ишенбай Абдуразаков 1937-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында туулган. Кыргызстандын туңгуч президентинин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. 1971-1975-жылдары СССРдин Япониядагы элчилигинде катчы, 1975-1978-жылдары Япониянын Саппоро шаарында СССРдин консулу болуп эмгектенген.
“Кыргызстан-Япония” коомунун президенти, “Келечектин долбоору” саясий изилдөө коомдук фондунун Байкоочу кеӊешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Көзөмөлдөө кеӊешинин төрагасы, Борбор Азиядагы Америкалык университетинин Көзөмөлдөө кеӊешинин төрагасы болгон.
Ишенбай Абдуразаков 2007-жылы Кыргыз Республикасынын "Данакер" ордени менен сыйланган.