Астана шаарында жайгашкан “Нур Отан” партиясынын борбордук кабылдамасынын бөлмөсүнө кирип келген 50 жаштагы аял өзүнүн үстүнө бензин куюп, өзүн өрттөп, мындан улам денесинин 95 пайызга жакыны күйүп кеткен. Анын ушундай кадамга барышына уулунун соттун акыйкатсыз чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылышы себеп болгон. Аялды “Тез жардам” кызматы менен жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.