7- Февраль 1978 -жылы актёр жана ди-джей Камчыбек Сарыбаев туулган
Актёр жана ди-джей Камчыбек Сарыбаев Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында төрөлгөн. Камчы Сарыбаев 8-классты бүткөн соң Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына тапшырып, бирок аягына чейин окуган эмес. Кийин Искусство институтуна тапшырган. Окуусун аяктаган соң куудулдар театрында иштеп, ошол эле убакта "Кыргызстан обондору" радиосуна ди-джей болуп кирген. Андан соң Кыргыз драма театрында эмгектенип, "Карт бойдок", "Боз салкын", "Участковый", "Жигитим Аяз ата" жана башка тасмаларда роль жараткан. 
Камчыбек Сарыбаев 2010-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" наамын алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан