20- Июнь 2013 -жылы Кадамжай районуна караштуу Сарыбай айылынын жашоочусу Бакытбек Тагаев өзбек чек арачыларынын колунан набыт болгон
Болжол менен түнкү саат 12лер чамасында Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл округунун Сарыбай айылынын жашоочусу, 1976-жылы туулган Бакытбек Тагаев өзбек чек арачыларынын колунан набыт болгон. Аталган райондун Майдан айыл округунун Сары-Алтын айылынын аймагындагы Өзбекстан менен чектеш жерде өзбек чек арачылары ок чыгарып, ал октон өз автоунаасында отурган Бакытбек Тагаев жаракат алган.
Жарадар болгон Бакытбек ошол жерден алыс эмес аралыкта жайгашкан Бак айылынын тургунунун үйүн көздөй качкан. Октун үнүнөн улам ойгонгон үй ээси короого чыкканда канжалап келген Бакытбек андан ооруканага алып баруусун суранган. Бирок ошол убакта анын артынан кууп келген өзбек чек арачылары үй ээсин курал такап коркутуп, анын көз алдында Бакытбекти сабап, андан соң аны атып салышкан. Алган жараатынан улам Бакытбек Тагаев ошол жерден жан берген. Өзбек чек арачылары "кыргыз жараны биздин аймакка өткөн" деген жалааны жабуу үчүн Бакытбек Тагаевдин Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунаасын өз өлкөсүнүн аймагына айдап кирип кетишкен. Маркумдун артында 5 баласы жетим, аялы жесир калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан