27- Июнь 1971 -жылы Непалдын падышасы Дипендра Бир Бикрам Шах төрөлгөн
Непалдын падышасы Дипендра Бир Бикрам Шах төрөлгөн. 
Ал тамактануу учурунда ата-энесин жана жакындарын атып өлтүргөн. 2001-жылы 1-июнда падышанын үй-бүлөсү салттык түштөнүүгө чогулган. Анда чогулгандарды пикир келишпестиктен улам ханзаада Дипендра атып салган. Андан соң өзүн атып (айрым маалыматтарда жан сакчылар тарабынан атылганы айтылып жүрөт), комага түшүп, 3 күндөн кийин 29 жашында каза болгон. Атасы уулунун колунан көз жумган күндөн тартып Дипендра комада жаткан 3 күн ичинде расмий түрдө падыша деп саналган. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Дипендрага үйлөнүү үчүн апасы сунуштаган кызы жакпай калган. Апасынын тандоосун четке кагып, атасы Бирендраны, апасын, агасы менен карындашын атып салган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан