21- Июнь 1973 -жылы
Орусиялык актёр Кирилл Сафонов туулган
Орусиялык актёр Кирилл Сафонов Орусиянын Красноярск шаарында туулган. Кийинчерээк ата-энесинин жумуштарына байланыштуу Украинанын Львов шаарына көчүп кетишип, Кириллдин балалыгы ошол шаарда өткөн.
Келечекте атактуу актёр болууну кичинесинен эле самаган Кирилл Сафонов үчүн окууну аяктагандан кийин кесип тандоодо кыйынчылык туулган эмес. 1990-жылы үй- бүлөсү менен кайрадан Красноярск шаарына келип, искусство институтуна тапшырган. 1-курсту аяктап, кийинки жылы Москва шаарындагы Орусиянын театралдык искусство институтунун актёрдук факультетине тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Маяковский атындагы театрда биринчи жолу эл алдында спектаклде роль жаратып, кесиптик эмгек жолуна байсалдуу кадамын таштаган. Кийинки жылы Станиславский атындагы театрда да кызмат көрсөтүүгө жетишкен. 1999-жылы Израилдеги Тель-Авив шаарындагы “Гешер” театрынан чакыруу алган. Толугу менен 8 жыл “Гешер” театрында кызмат кылгандан кийин Орусияга Кирилл Сафонов 2007-жылы атайын чакыруу менен кайтып келген. Бирок буга чейин “Чемпион кыз”, “Чымчыкка баары бир”, “Жаман кыздар” деген сыяктуу бир канча кинотасмаларда роль жаратып келген. Москвага келээри менен эле актёр 49 жигиттин ичинен эң таланттуу деп табылып, “Татьянин день” телесериалында роль жаратып, атактуулукка жеткен.