Ажаман Шабдановдун ОГПУга берген сурагында "Социал Туран партиясынын" өкүлдөрүн жана алардын лакап ысымдарын атаган. А.Шабдановдун көрсөтмөсүнө ылайык, ал партиянын катарында тургандар төмөнкүлөр болушкан: Абдыкерим Сыдыков - "Манас", Шабданов Ажаман - "Темир", Лепесов Зайнетдин - "Бороон", Хашимбеков Насреддин - "Борошо", Сопиев Турду Ахун - "Шаң", Түмөнбаев Хашимбек - "Кайрат" деген лакап ысым менен белгилүү болушкан.