Белгилүү француз актёру Жан Рено (чын аты-жөнү Хуан Морено-и-Хедирик Хименес) Марокконун Касабланка шаарында төрөлгөн. Ал Париждеги чоң театралдык мектепти бүткөн. Актёр бардыгы болуп 60тан ашык тасмада тартылган. Жан Рено көптөгөн кино сыйлыктардан сырткары Франциянын эң бийик наамы деп эсептелген Легион Ардак Ордени менен сыйланган.