Ырчы Эркин Мукашев Фрунзе шаарында туулган. Шаардагы №13 мектепти аяктаган. “Наристе”, “Семетей”, “Авангард” аттуу эстрадалык топтордун жаралуусуна өзүнүн чоң салымын кошкон. Эркин Мукашев Москвада өткөн 12чи бүткүл дүйнөлүк фестивалдын лауреаты жана бир катар сынактардын дипломаты. 2000-жылдардын башында Эркин Мукашевдин "Танец под дождём" аттуу ыры ХИТ болгон. 1985-жылы негизделген “Элес” тобунда 4 жыл ырдаган.