30- Июль 1898 -жылы Германиялык коомдук-саясий ишмер Отто фон Бисмарк каза болгон
Германиялык коомдук-саясий ишмер Отто фон Бисмарк Фридрихсруда каза болгон. Отто фон Бисмарк Германияны акырындык жол менен бириктирүү планын ишке ашырган Германия империясынын биринчи канцлери. Отто фон Бисмаркты "темир канцлер" деп аташкан. 
1888-жылы 15-июнда империянын тактысына Вильгельм II отурган. Ал таасири күчтүү канцлердин көлөкөсүндө калууну каалаган эмес. Бисмарк 75 жашында герцог жана кавалериянын генерал-полковник наамын алып отставкага кеткен. Отставкага кеткен соң саясатка аралаша берген. Императорго көптөгөн сындарды айткан. 
1894-жылы жубайынын каза болгону ал үчүн катуу сокку болгон. 1898-жылы Бисмарктын ден соолугу начарлап, 84 жашында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан