ВКП (б) XVI съезди ишин баштаган. Съездде "кулактар али тап катары жоюла электиги" айтылып, аларга каршы чечкиндү күрөш жүргүзүү керектиги белгиленген. Мындай чара айынан дыйкандар малдарын сатып, калган-катканын союп совет бийлигине каршы тымызын күрөш башташкан. Мындай кыймыл Кыргызстан аймагына да тарап, миңдеген адамдар кулакка тартылып, алардын айрымдары совет бийлигине каршы күрөшүп, жазалангандар жана жапа чеккендердин саны арбыган.