Акын Эсенгул Чопиев Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган. 1956-жылы Кемин районунун Карл Маркс орто мектебин, 1961-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1961-1967-жылдары республиканын Алай, Аламүдүн жана Кемин райондорунун орто мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1967-жылдан Кемин райондук "Эмгек жарчысы" гезитинин редакциясында адабий кызматкер, бөлүм башчы, 1975-жылдан жооптуу катчы болуп эмгектенген.