28- Июнь 1945 -жылы
Фрунзе шаарында тынчтык митинги өткөн
Фрунзе шаарында көп адам катышкан тынчтык митинги өткөн. Шаардыктар Иосиф Сталиндин ушул жылдын 26, 27-июнундагы Советтер союзунун баатыры, Генералиссимус наамын жана бриллиант менен шөкөттөлгөн "Победа" орденин алган үч катар сыйлыгына толкунданышып, аны майрамдык салтанатка айландырышкан. Жүздөгөн адам катышкан митингде А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков жана башка жазуучулар “адам генийи Генералиссимус менен замандаш болгондугуна” ыраазычылык билдирген ырларын окушкан.