28- Июнь 1991 -жылы Кыргызстандын күч органдары сталиндик заманда репрессияланган инсандар Чоң-Таш айылында атылгандыгын билдиришкен
Кыргызстандын күч органдары сталиндик заманда репрессияланган инсандар Чоң-Таш айылында атылгандыгын билдиришкен. Чоң-Таш айылынын тургуну Бүбүра Кыдыралиева мындагы эс алуу үйүнүн күзөтчүсү болуп иштеген атасы өлөөр алдында бейтааныш адамдардын 1938-жылы атылгандыгын айтканын кабарлаган. Кийинки казуулар көрсөткөндөй мында кыргыз мамлекетинин башатында турган Жусуп Абдрахманов, Иманаалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Кожокан Шоруков, Эркинбек Эсенаманов сыяктуу көрүнүктүү инсандар атылгандыгы белгилүү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан