Кыргыз АССРнын Борбордук аткаруу комитетинин президиумунда уюшулган Конституциялык комиссия республиканын Баш мыйзам долбоорун даярдаган. Конституциянын негизги бөлүктөрүн жазуу үчүн 21 адамдан турган 5 комиссия топтору иштеп, алар белгиленген убакта Баш мыйзам долбоорун жазып бүтүшкөн. Долбоор 1937-жылдын 12-мартында гезиттерге жарыяланып, коомчулукта талкуу башталган.