Кыргызстан ВКП (б) Фрунзе
шаардык комитети репрессия маалында Коммунисттик партиянын катарынан чыгарылган 14
жооптуу кызматкердин партия мүчөлүгүн калыбына келтирген. Сталиндик кызыл террордон кутулган жооптуу партиялык кызматкерлердин арасында "Ала-Тоо" кинотеатрынын директору, "Кызыл Кыргызстан" гезитинин редактору, Кыргыз ССР Ички иштер министринин жардамчысы сыяктуу адамдар болгон.