30- Июнь 1928 -жылы
Кыргызстанда өткөрүлгөн статистикага ылайык, борбор шаардагы жалгыз китепканага жазылгандардын саны 1400 адамга жеткен
Кыргызстанда өткөрүлгөн статистикага ылайык, борбор шаардагы жападан-жалгыз китепканага жазылгандардын саны 1400 адамга жеткен. Бул көрсөткүч жашы 12ден жогору болгон шаар тургундарынын 2,5 % түзгөн. Шаардык китепканадагы 5 миң китеп арасынан адабий чыгармалар айрыкча суроо-талапка алынып, окурмандардын купулуна толгон авторлор деп Жек Лондон, Лев Толстой жана Максим Горькийдин чыгармалары аталган.