Теги испаниялык болгон актёр, режиссёр жана продюссер Луи Де Фюнес Францияда төрөлүп өскөн. Франциядагы улуу комиктердин бири Луи Де Фюнестин толук аты Луи Жермен Давид де Фюнс де Галарса болгон. Луи Де Фюнестин атагы жалгыз гана Франция же Европага эмес, бүт дүйнөгө Фантомас, жандармдар тууралуу комедиялары аркылуу тараган.