6- Июль 1994 -жылы
Генерал-майор Т.Молдобаев генерал наамынан ажыраган
Президент Аскар Акаевдин жарлыгына ылайык, эгемен Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы жолу генерал-майор Т.Молдобаев генерал наамынан ажыраган. Президенттин жарлыгында Т.Молдобаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күч офицерине мүнөздүү жогорку наамды булгап, кол астындагы кызматкерге кол кайрып, аскер уставын бузганы үчүн жазалангандыгы белгиленген.