2- Июль 1983 -жылы
Орусиялык актриса Наталья Рудова туулган
Орусиялык актриса Наталья Рудова Өзбекстанда төрөлүп, Казакстанда чоңойгон. Апасы өзбек кызы болгон. Кийин ата-энеси ажырашып, апасы менен Орусиянын Иваново шаарына көчүп кеткен. Ушул жерден театралдык орто окуу жайын да аяктаган. Алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн Наталья Рудова бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Акча табуу максатында жайкысын Анапа курортуна барып официант болуп иштесе, башка убактарда Москва шаарындагы дүкөндөрдүн биринде менеджер болуп иштеген. Ошол эле учурда киного тартылуунун да камын көрүп, кастингдерге катышып турган. Театр сахнасынан өзүн көргөзө алгандан кийин Наташа толук метраждуу фильмдерге тартыла баштайт. “Татьянин день” сериалынан баш каармандардын биринин ролуна ээ болгонго чейин сүрөт да тартып жүргөн.
Наталья Рудова “Примадонна”, “Кто в доме хозяин?”, “Воспоминания Сталина”, “Проводница” жана башка телесериалдарда тартылган. Алардын арасынан эң эле чоң ролу катары “Татьянин день” сериалындагы ролу эсептелет.