2- Июль 1986 -жылы Америкалык актриса жана ырчы Линдсей Лохан туулган
Америкалык актриса жана ырчы Линдсей Лохан Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. Линдсей Лохан үч жашынан баштап жарнамалык түрмөктөргө тартыла баштаган. Сары чачтуу, бетин майда сепкил баскан Линдсей ошол кездеги талабы эң жогору жарнама аткаруучулардын бири болууга жетишкен. Кичинекей Линдсей Лохан 60 жарнамалык түрмөккө тартылып, телерадио берүүлөргө да чакырыла баштайт. 10 жаш курагында кино дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштап, “Другой мир” сериалына тартылган. Мындан көп узабай эле 1998-жылы атагын алыска тараткан “Ловушка для родителей” комедиясында өзү жалгыз эле эгиз кыздардын ролун аткаруу менен “Жаш актриса”, “Жаш жылдыз” номинацияларына ээ болгон. Балалыгы башкалардан өзгөчөлөнгөн Линдсей Лохан аткаруучулукка биротоло берилип кетпестен, мектепте да жакшы окуган. Ар тараптуу таланттардын ээси болуп, 2002-жылы ырчылык менен да алектенүүгө жетишкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан