Орлово кыштагындагы немис тургундары Талас дарыясынын жогорку агымынан байыркы тыйындардын үлгүсүн табышкан. Жаңы табылга батыш изилдөөчүлөрүнүн кызыгуусун жаратып, Талас өрөөнүндө байыркы маданият болгондугу туурасында жана мында фин-угордук калк жашагандыгы жөнүндө көз караштар айтыла баштаган.