9- Июль 1929 -жылы Марокконун экинчи падышасы Хасан II Мулай Хасан Алауи туулган
Өмүрүнүн акырына чейин бийликте турган Марокконун экинчи падышасы Хасан II Мулай Хасан Алауи туулуп, 1999-жылы 23-июлда каза болгон. Ошол убактагы Марокконун падышасы Мухаммед Vнин улуу уулу болгон.
Хасан II Мулай Хасан Алауи 1952-жылы Франциядагы Бордо университетин бүтүргөн. 1955-жылдан тартып Мароккого көз карандысыздык алуу боюнча Франция менен сүйлөшүүлөргө катышкан. Эгемендүүлүккө жеткенден кийин 1956-жылы Марокконун Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, кийин премьер-министр, коргоо министри болуп иштеген. Атасы Мухаммед Vчи көз жумгандан кийин, 1961-жылы 3-мартта Марокконун падышасы деп жарыяланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан