Орусиялык театр жана кино актёру Дмитрий Певцов Москвада туулган. 1985-жылы Певцов ГИТИСтин актёрдук факультетин аяктап, 1986-1987-жылдары армияда кызмат өтөгөн. Алгач театрда иштеп, тасма талаасына 1989-жылдан тартып аралаша баштаган. Алгачкы тартылган тасмалары "Мать", "Подземелье ведьм" болгон.