Шериктеш мамлекеттер биримдигинин Аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло Бишкекке келген. Иш сапары маалында ал Кыргыз жетекчилиги менен жолугушуп, Биримдиктин азыркы абалы, келечек өнүгүүсү жана кызматташууну арттыруу тегерегинде пикир алмашкан.