9- Июль 2003 -жылы
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун төрагасы, Нидерландынын тышкы иштер министри Яап де Хооп Схеффер Кыргыз мамлекетине иш сапары менен келген
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун төрагасы, Нидерландынын тышкы иштер министри Яап де Хооп Схеффер Кыргыз мамлекетине иш сапары менен келип, президент Аскар Акаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушкан. Кыргыз президенти эки тарап ортосунда кызматташтык артып, абройлуу уюмдун сунуштарын кыргыз бийлиги турмушка ашырып жатканын жана анын натыйжасы катары Бишкекте ачылган ЕККУ академиясын жана Ички иштер министрлигин реформалоо иштерин белгилеген.