Жазуучу Чарльз Жон Хаффем Диккенс Англиянын Портсмаус шаарына жакын жердеги Лендпорт деген жерде туулган. Үй-бүлөдөгү 8 баланын экинчиси болгон.
Окуганды, жазганды энесинен үйрөнүп, кийин башталгыч мектептен окуйт. Анын атасын мамлекеттик карыздарды төлөбөгөндүгү үчүн түрмөгө отургузганда окуусун таштап, он эки жашынан баштап ар кандай оор жумуштарда иштейт.
1828-жылы 16 жашында адвокаттардын конторуна кенже кызматкер болуп орношуп, Докторс-Коммонс сотунда көз карандысыз кабарчылык даражага жетет. Ошол мезгилде Англияда болуп жаткан окуялар жөнүндө жакындан билип, парламенттеги кызуу талаш-тартыштарды көрүп, саясий жактан дагы көз карашы калыптанат.
Анын ошол кездеги жазган “Бозанын очерктери” чыгармасы нравалык жактан таасир берүүчү алгачкы очерк катары бааланып, катардагы лондондуктардын психологиялык кулк-мүнөзүн таамай-таасын ачып берген.
Чарльз Диккенстин адабиятка аралашып, алгачкы жолу жазган “Пиквик клубунун өлүм алдындагы кол жазмасы” аттуу чыгармасы 1836-жылы Лондондо болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жеткен.
Чарльз Диккенсти англис юморунун негиздөөчүсү катары да баалашат. Анын чыгармаларында башынан өткөргөн кыйын күндөр, оор окуялары кеңири орун алып, реалдуу турмуштагы терс көрүнүштөр, социалдык теңсиздиктер негизинен сатиралык мүнөздө берилген.
Чарльз Диккенс ондон ашуун романдарды жазган. Анын ичинен "Мартин Чезлвит", “Муздак үй”, "Оливер Твистин жоруктары жана жашоосу", “Домби жана уулу”, "Дэвид Копперфильд" сыяктуу романдары ага дүйнөлүк атак-даңк алып келип, классик жазуучулардын катарына кошкон.
Чарльз Диккенсти англиялыктар улуу драматург Ульиям Шекспир менен бир катарга коюп, 1880-1890-жылдары айтылуу Байрондон да атактуу болгондугун айтышат.
Анын чыгармаларынын дээрлик бардыгы экрандаштырылып, мыкты көркөм тасмалар тартылып, спектаклдер коюлган.
Атактуу жазуучу 1870-жылы 9-июнда 58 жашында инсульттан улам каза болгон.