7- Февраль 1971 -жылы орусиялык ырчы Анита Цой төрөлгөн
Теги корей болгон орусиялык ырчы, телеалпаруучу Анита Цой Москвада төрөлгөн. Анита Цойдун өз аты Анна Сергеевна Ким. Анита деген лакап ат менен ырчылык карьерасын 1997-жылы баштаган. Жолдошу Москва шаарынын мэриясында иштегенине карабастан Анита эстрададан жылдызы жана электе базарда кийим сатып соода кылган. 
Анита Цой поп-рок, R&B жана башка стилдердеги ырчы катары белгилүү болгон. Ал үч ирет "Алтын граммофон", эки жолу "Овация" жана башка сыйлыктарга ээ болуп, 2003-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына жеткен. Анита Цой "Цирк со звёздами", "Один в один" сыяктуу программаларга катышып, белгилүү телеканалдарда телеалпаруучу болуп иштеп келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан