14- Июль 1940 -жылы
Фрунзеде "Кыргызстандын борборун гүлзар шаарга айландырабыз" деген жүрүш башталган
Фрунзе шаарында "Кыргызстандын борборун гүлзар шаарга айландырабыз" деген жүрүш башталган. Жүрүштүн жыйынтыгы көрсөткөндөй шаардын бульвар, парктары жан кейиткен абалда экендиги аныкталган. Айрыкча, "Красная звезда" аталган балдар сейил багы (азыркы Панфилов сейил багы), Эмен сейил багы, Кара-Жыгач багы сыяктуу эс алуучу жайлар суу жетпей кургап жана адам колу тийбей кароосуз абалга жеткени аныкталган.